2015-жылдын аягында Экономика министрлиги чет өлкөлүктөр үчүн гана кызмат көрсөтө турган оюн-зоок комлексинин долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, комплекс өз ичине мейманканаларды, дүкөндөрдү, жыйындар залдарын, көргөзмө жана коммерциялык объектилерди камтышы керек болгон. Коомдук талкуунун жыйынтыгында долбоор жарандардын колдоосун тапкан эмес.Өлкөдө казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. 2015-жылдын апрелинен тарта тотализаторлор менен букмекер кеңселеринин ишине да тыюу бар.